Indesit PAAI 642 IX/I EE Instruction for Use Page 12

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 20
  • Table of contents
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 11
12
KG
Орнотуу
! Жаңы шайманыңызды иштетерден мурда бул маалымат китепчесин
жакшылап окушуңузду суранабыз. Анда шайманды коопсуз колдонуу,
орнотуу жана тейлөө боюнча маанилүү маалымат бар.
! Сураныч, бул иштетүү нускамаларын кийин караганга сактап коюңуз.
Шайманды кийин сатып калсаңыз жаңы ээлерине нускамаларды да бериңиз.
Орун берүү
!Таңгактоо материалдарын балдар жетпеген жерде кармаңыз. Ал
моюнуна оролуп калып же муунууга алып келиши мүмкүн (“Сактык
чаралары жана кеңештер” дегенди караңыз).
!Шайманды ишбилги кесипкөй киши берилген нускамаларга ылайык
орнотушу керек. Туура эмес орнотуу кишилерге жана жандыктарга
жаракат же мүлккө зыян алып келиши мүмкүн.
!Азыркы мамлекеттик ченемдерге ылайык бул түзмөктү такай желдетилип
туруучу бөлмөлөрдө гана орнотуу жана колдонуу керек. Кийинки талаптар
аткарылышы керек:
Бөлмө күйүүдөн чыккан заттарды үйлөгөн чыгаруу системи менен
жабдылган болушу керек. Ага шайман жандырылары менен
автоматтык түрдө иштей баштаган тарткыч же электр фени кириши
мүмкүн.
Мордун үстүндө же бутактуу жеринде
(Жалаң гана тамак жасоочу шаймандар үчүн)
Түз эле
тышка
Күйүү үчүн негизинен кычкылтек керек болгондуктан, бөлмөгө аба
жакшы кирип-чыгып турушу да керек. Абанын агымы орнотулган
шаймандын кубатынын 1 кВт үчүн 2 м
3
/сааттан кем болбошу керек.
Аба айлантуу системи абаны түз эле
тыштан алышы мүмкүн, анда түтүктүн ички
кесилиши кеминде 100 см
2
болот; оозу
бөгөлүп калуунун эч бир түрүнө дуушар
болбошу керек.
Систем күйүүгө керек болгон абаны кыйыр
түрдө да, мис., жогоруда сүрөттөлгөндөй
аба айлантуу түтүктөрү орнотулган башка
бөлмөлөрдөн, алып келиши мүмкүн. Бирок
бул бөлмөлөр орток бөлмөлөр, уктоочу
же өрттөнүп кетүү коркунучу бар башка
бөлмөлөр болбошу керек.
Шайманды интенсивдүү жана узакка колдонуу кошумча желдетүүнү,
мис., терезени ачууну же аба киргизүү системинин (эгер болсо)
кубатын күчөтүүнү талап кылышы мүмкүн.
Суюк мунай газ абадан оор болгондуктан жерге түшөт. Ошондуктан,
алар менен толтурулган бөлмөлөрдү газ агып кетсе тышка
чыгышы үчүн ачык жерлер менен жабдыш керек. Натыйжада суюк
газ баллондорун, жарымынан болобу же толтура болобу, жер
деңгээлинен ылдый болгон бөлмөлөрдө же кампаларда (мисалы,
жертөлөдө) койбош же сактабаш керек. Бөлмөдө күнүмдүк колдонулуп
A
Кычкылданган аба
үчүн желдетүү
тешиктеринин мисалдары.
Терезе менен жертамандын
ортосундагы желдетүү
ажырымын чоңойтуу.
Жанындагы
бөлмө
Желдеткенге
бөлмө
жаткан гана баллонду, тышкы булактардан (меш, камин, очок ж.у.с.)
чыккан ысык тийбегендей, баллондун температурасын 50°C-ден
ашырбагандай жерге коюп сактоо сунушталат.
Шайманды орнотуу
Мешти орнотуп жатканда кийинки сактык чараларын көрүш керек:
Шаймандын жанында турган жана мештин үстүнөн бийигирээк чыгдан
текчелери мештин четинен кеминде 200 мм алыс турушу керек.
Аба тарткычтарды өздөрүнүн орнотуу жетектерине ылайык жана
мештен кеминде 650 мм аралыкта орнотуш керек (сүрөттү караңыз).
Аба тарткычтын жанындагы дубал текчелерин мештен кеминде 420
мм өйдө жайгаштырыңыз (сүрөттү караңыз).
Меш дубал текчесинин астына орнотулган
болсо, текчелер мештен көминде 700 мм
өйдө орнотулушу керек.
Рнотула турган көңдөй сүрөттө көрсөтүлгөн ченемдерге ээ болуш
керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Аба айдагыч мештин үстүнө орнотулса, туура аралыкты аба
айдагычтын нускамаларынан караңыз.
Периметрдин бетин тазалап бүткөн соң берилген тыгыздагычты аба
үйлөгүчкө сүрөттөгүдөй кылып тагыңыз.
Нускамада көрсөтүлгөн чендерге ылайыктап мешти иш ордундагы ачык
жерге жайгаштырыңыз.
ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ: кубат жеткирүү кабели өйдө карай чыгарганга
жеткендей узун болушу керек.
Мешти бекиткенге аны менен кошо келген кыпчуурлар (A) менен
колдонуңуз. Кыпчуурларды жебе көрсөтүп турган тиешелүү көзөнөктөргө
тууралап, иш ордунун калыңдыгына ылайыктап аларды өзүнүн
бурамалары менен бекитиңиз (кийинки сүрөттөрдү караңыз)
Top 20 mm
Top 30-50 mm
600mm min.
420mm min.
650mm min.
Page view 11
1 2 ... 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Comments to this Manuals

No comments