Indesit RDPD 96407 JX EU Instruction for Use Page 50

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 60
  • Table of contents
  • TROUBLESHOOTING
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 49
50
KGZ
Орнотуу
! Бул колдонмону сактап коюңуз. Ал жабдууну сатуу,
берүү же жаңы батирге көчүү учурунда, жабдуунун
жаңы ээси анын иштөөсүнүн жана тейлөөнүн
эрежелери менен тааныша алуусу үчүн, кир жуугуч
машина менен бирге комплектте болушу керек.
! Колдонмону жакшылап окуңуз: анда кир жуугуч
машинаны орнотуу жана коопсуз пайдалануу боюнча
маанилүү маалыматтар камтылган.
Таңгагын чечүү жана тегиздөө
Таңгагын чечүү
1. Кир жуугуч машинанын таңгагын чечиңиз.
2. Жабдуу ташуу убагында бузулбаганын текшериңиз.
Бузулууларды аныктаганда – машинаны иштетпеңиз
– дароо жеткирүүчү менен байланышыңыз.
3. Кир жуугуч машинанын
төрт ташуу бурамаларын
жана арткы жагында
жайгашкан төшөмдөрү
менен резина
тыгындарын алыңыз
(сүрөттү кара.).
4. Тешиктерди сунушталуучу пластик тыгын менен
жабыңыз.
5. Бардык деталдарын сактаңыз: алар кир жуугуч
машинаны киийнки жолу ташууда Сизге керек болот.
! Балдардын таңгактоо материалдары менен
ойноосуна жол бербеңиз.
! Таңгак жана анын айрым элементтери тамак менен
байланыштыруу үчүн арналган эмес.
Тегиздөө
1. Кир жуугуч машинаны тегиз жана бекем полго ал ду-
балга, эмерекке жана башка предметтерге тийбеген-
дей орнотуңуз.
2. Машинаны орунга ор-
ноткондон кийин алдыңкы
буттарын айлантуу аркы-
луу анын туруктуу абалын
жөндөңүз (сүрөттү кара.).
Бул үчүн алгач контргайка-
ны бошотуңуз, жөнгө салу-
уну аяктагандан кийин кон-
тргайканы бураңыз.
Машинаны орунга орнот-
кондон кийин деңгээл бо-
юнча корпустун жогорку капкагынын горизонталдуулу-
гун текшериңиз, горизонталдын жантаюусу 2° көп бол-
бошу керек.
Жабдууну туура тегиздөө машина иштеп жаткан убак-
тагы чурулдоодон, вибрациядан жана жылуудан алыс
болууга жардам берет.
Эгерде кир жуугуч машина килем төшөлгөн полдо тур-
са, анын негизи килемден жогору турганын текшериңиз.
Болбосо желдетүү кыйындайт же таптакыр мүмкүн бол-
бой калат.
Суу түтүк жана электр тармагына
туташтыруу
Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу
Суу куюучу ийкем түтүгүн
туташтыруу
1. А төшөмүн суу куюучу
ийкем түтүгүнүн учуна
коюңуз жана аны 3/4
дюйм сай тешиги менен
муздак суу түтүгүнүн
чыгуусуна бурап
бекитиңиз (сүрөттү кара.).
Туташтыруу алдында суу
түтүк кранын ачыңыз жана
кир сууну агызыңыз.
2. Суу куюучу ийкем
түтүгүн кир жуугуч
машинанын оң
жагындагы арткы жогорку
бөлүгүндө жайгашкан
суу кабылдагычка бурап,
кир жуугуч машинага
туташтырыңыз (сүрөттү
кара.).
3. Ийкем түтүк оролуп калбаганын жана
кысылбаганын текшериңиз.
! Суунун басымы Техникалык мүнөздөмөлөрдүн
таблицасында көрсөтүлгөн маанилердин чегинде
болушу керек (51-бетти кара).
! Эгерде суу түтүк ийкем түтүгүнүн узундугу жетишсиз
болсо, Авторлоштурулган тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
! Эч качан пайдалануудан чыккан ийкем түтүктү
пайдаланбаңыз.
Page view 49
1 2 ... 45 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 ... 59 60

Comments to this Manuals

No comments