Indesit RDPD 96407 JX EU Instruction for Use Page 58

  • Download
  • Add to my manuals
  • Print
  • Page
    / 60
  • Table of contents
  • TROUBLESHOOTING
  • BOOKMARKS
  • Rated. / 5. Based on customer reviews
Page view 57
58
KGZ
Жуугуч заттар жана кирдин
түрлөрү
Детергент диспенсеринин суурмасы
Жуугандын жакшы натыйжа бериши детергенттин
туура дозасына да көз каранды: детергентти өтө көп
кошуу сөзсүз жакшыраак жууганга алып келбейт, ал
эмес шайманыңыздын ичинде кебээр топтолушуна
алып келиши мүмкүн жана жаратылыштын
булганышына салым кошот.
! Ак пахта кийим, алдын ала чылоо жана 60°C-ден
ашык температурада жуу үчүн күлмайда детергент
колдонуңуз.! Детергенттин таңгагында берилген
нускамаларды аткарыңыз.
! Колго жуу детергенттерин колдонбоңуз, себеби алар
ашыкча көбүрөт.
Детергент диспенсеринин
суурмасын ачып,
детергент же жууганга
кошулманы ылдыйкыдай
салыңыз.
! Ортоңку бөлүккө
детергент салбаңыз (*).
1-бөлүм: Жуу цикли
үчүн детергент
(күлмайда же суюк)
Суюк детергент
колдонулса, туура дозалоо үчүн (таңгактагы) алып
салма пластик А ченегичин колдонуу сунушталат.
Күлмайда детергентин колдонсоңуз, ченегичти B
көзөнөгүнө коюңуз.
2-бөлүм: Кошулмалар (кездеме жумшарткычтар ж.)
Кездеме жумшарткыч тордон ашпашы керек.
Жуулчу кирди даярдоо
• Жуулчу кирди буларга карай бөлүңүз:
- кездеме тиби/энбелгидеги символ
- өңдөр: гүлдүү кийимдерди актардан ажыратыңыз.
• Кийимдердин чөнтөктөрүнүн баарын бошотуп,
топчуларын текшериңиз.
• Жуулчу кирдин кургак кезиндеги салмагына
тиешелүү тизмедеги нарктардан ашырбаңыз: “Жуу
циклдер жадыбалын” караңыз.
Жуучу кириңиздин салмагы канча?
1 шейшеп 400 - 500 г
1 жаздык тыш 150-200 г
1 дасторкон 400-500 г
1 махер халат 900-1200 г
1 сүлгү 150-250 г
Атайын жуу циклдери
Күнүмдүк аралаш Жуу-Кургатуу: аралаш (пахта
жана синтетика) кийимдерди жууп-кургатканга
1-программаны колдонуңуз. Бул циклди 3 кгга
чейинки жүктү жууп-кургатканга колдонсо болот: суюк
детергент колдонууну сунуштайбыз.
Бул программада бууну колдонуу кийимдерде
бырыштардын пайда болушун азайтканга
ылайыкталып, аларды үтүктөөнү жеңилдетет.
Көйнөк-футболка: максималдуу кам көрүүнү
камсыз кылуу үчүн ар кандай кездеме жана
өңдөрдөгү көйнөк-футболкаларды жууп-кургатканга
2-программаны колдонуңуз. Бул циклди 2 кгга
чейинки жүктөрдү жууп-кургатканга колдонсо
болот. Оптималдуу натыйжаларга жетиш үчүн суюк
детергент колдонуңуз жана жака-жеңдерди жана
тактарды алдын ала иштетиңиз. Бул программада
бууну колдонуу кийимдерде бырыштардын пайда
болушун азайтканга ылайыкталып, аларды үтүктөөнү
жеңилдетет.
Үтүктөө алдында: бул программаны үтүктөөнүн
алдында колдонуңуз; максималдуу жүк 1,5 кг.
Бул программада бууну колдонуу кийимдерде
бырыштардын пайда болушун азайтканга
ылайыкталып, аларды үтүктөөнү жеңилдетет.
Буу менен сергитүү: тоголонмо көңдөйдүн ичине
буу багыттоо менен кийимдерди сергитип, жагымсыз
жыттарды кетирүү жана булаларды бошотуу үчүн.
Цикл аяктаганда кийим ным болот.
Такка каршы Турбо 45’: бул цикл ал эмес
20°C менен да болгону 45 мүнөттө мыкты так
кетирүү жөндөмүн камсыз кылат. Бул циклдин
температурасын 40°C-ге чейин көбөйтсө болот.
Такка каршы Кубат 20°C: бул программа төмөнкү
температураларда алдын ала иштетүүнү талап
кылбастан мыкты так кетирүү жөндөмүн камсыз
кылып, кездемелерди жана өңдөрдү ошо бойдон
калтырат.
Мульти Өң: гүлдүү пахта кийимдерди жуу үчүн. Бул
программа ал эмес кайра-кайра жуугандан кийин да
өңдөр ошо бойдон калышына ылайыкталган.
Ультра Назик: жылтырак-жултурактары бар абдан назик
кийимдерди жууганга 11-программаны колдонуңуз.
Назик буюмдарды жууганга кийимдерди аңтарып,
майда бөлүктөрүн атайын баштыкка салууну
сунуштайбыз. Мыкты натыйжа үчүн назик кийимдерге
суюк детергент колдонуңуз.
Өзгөчө убакытка негизделген кургатуу функциясын
тандаганда кургатуу цикли жеңил иштетүү жана
суу берүүнүн тиешелүү температура көзөмөлүнүн
аркасында жетишилген айрыкча назик жуу циклинин
аягында аткарылат.
Сунушталган узактыктар:
1 кг синтетика кийим --> 165 мүн
1 кг синтетика жана пахта кийим --> 180 мүн
1 кг пахта кийим --> 180 мүн
Канчалык кургак болору жүк жана кездеменин
курамына жараша болот.
Жүн - Woolmark (жүн) Кийимге кам көрүү - Жашыл:
бул шаймандын жүндү жуу цикли Woolmark
компаниясы тарабынан “колго жуу” эндүү жүн кийими
жууганга жарайт деп таанылган, ан үчүн буюмдарды
кийим эниндеги жана ушул жуугуч-кургаткычтын
өндүрүүчүсү чыгарган нускамаларга ылайык жууш
керек.
Спорт: жеңил кирдеген спорт кийимдерин (чуркоо
кийимдерин, шорт, сүлгү ж.у.с.) жууганга; мыкты
натыйжа үчүн “Жуу циклдер жадыбалын” көрсөтүлгөн
максималдуу жүктөн ашпоону сунуштайбыз. Суюк
детергент колдонуп, жарымынан жүктөгөнгө жарактуу
өлчөм кошууну сунуштайбыз.
Жүктү тең салмактоо системи
Ашыкча дирилдөөгө жол бербөө жана жүктү бир
ыктай таратуу үчүн ар бир айлануу циклинин
алдында тоголок көңдөй жуу айлануу циклиндегиден
бир аз ашкан ылдамдыкта бир топко айланат. Бир
нече аракеттен кийин жүк туура тең салмактанбаса,
шайман азайтылган тегеренүү ылдамдыгында
тегеренет. Жүк ашыкча эле тең салмаксыз болсо,
жуугуч-кургаткыч тегеренбей, таратуу процессин
аткарат. Жүк жакшыраак таратылышын жана тең
салмактуулукту колдоо үчүн жүктө кичине жана чоң
кийимдер аралаш болушун сунуштайбыз.
1
2
A
B
*
Page view 57
1 2 ... 53 54 55 56 57 58 59 60

Comments to this Manuals

No comments