3
KIR
ОКУУГА ЖАНА КѲҢҮЛ БУРУУГА
МААНИЛҮҮ
Шайманды колдонордон мурда бул
коопсуздук нускамаларын окуңуз.
Аларды келээрки эскертүүлѳргѳ чейин колго
жакын кармаңыз.
Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар
менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук
эскертүүлѳрдү камсыз кылат.
Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес
жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул
коопсуздук нускамаларын колдонуу
жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти четке
кагат.
КООПСУЗДУК ЭСКЕРТҮҮЛѲРҮ
Ѳтѳ жаш (0 дѳн 3 жашка чейин) жана жаш
балдар (3 тѳн 8 жашка чейин) кѳзѳмѳл
астында болушпаса шаймандан алыс
болушу керек.
8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар
жана физикалык, сезгич же акыл
жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы
жана билими жетишпеген адамдар бул
шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук
нускамалар берилгенде гана колдоно
алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү
керек. Балдар шайман менен ойнобошу
зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан
тазалоо же колдонуу боюнча тейлѳѳ
жүргүзүлбѳшү керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман жана анын жеткиликтүү
бѳлүктѳрү колдонуу учурунда ысыйт, 8 жашка
чыкпаган балдар кѳзѳмѳл астында
болушпаса шаймандан алыс болушу керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Ысый турган элементтерге ички
бетке тийгенден алыс болуӊуз, күйүп калуу
коркунучу бар.
Тамак-ашты кургатканда жабдууну эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
Эгерде шайман термометрди колдонууга
жарактуу болсо, бул духовкагы сунушталган
температура билдиргичин гана колдонуӊуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Эгерде эшик же эшик
тыгыздоочулар бузулган болсо духовканы
тажрыйбалуу адам оңдой электе колдонууга
болбойт.
ЭСКЕРТҮҮ: Суюктук жана башка тамак аштар
жабык контейнерлерде ысытылбашы керек
анткени алар жарылып кетиши мүмкүн.
Микротолкундуу духовка тамак аш жана
ичимдиктерди ысытууга арналган. Тамак
аштын же кийимдин кургатусу жана
жылытуучу жаздыктарды, бөлмөдө кийүүчү
бут кийимдерди, болпокторду, ным
кездемерелди жана ушуга окшошторду
ысытуу жаракат алуу коркунучуна, тутануу же
өрт чыгышына алып келиши мүмкүн.
Тамак ашты желим же кагаз контейнерлерде
ысытып жаткан учурда духовканы карап
туруңуз анткени алар тутанып кетиши
мүмкүн.
Ичимдиктерди микротолкундар менен
жылытуу кечиккен жарылуу кайноого алып
келеши мүмкүн ошондуктан контейнерди
кармоодо этият болушуңуз керек.
Күйүп калбас үчүн балдарга арналган
бөтөлкөлөрдүн жана балдарга арналган
тамаш аш идиштин ичиндегисин силкип же
аралаштырып жана температурасын
текшерип бериңиз.
Кабыгы менен жумурткалар жана бүтүн катуу
кайнатылган жумурткалар микротолкундуу
духовкада ысытылбашы керек анткени алар
микротолкундар менен жылытуу бүткөндөн
кийин деле жарылып кетиши мүмкүн.
Микротолкундуу мешке жарактуу идиш аякты
гана колдонуңуз.
Эгерде түтүн чыкса шайманды өчүргүлө же
электр камсыздоодон сууруп салгыла жана
жалынды кармоо үчүн эшикти жабык бойдон
калтырыңыз.
Сиздин миктолкундуу мешиңизди майга
куурууга колдонбоңуз анткени майдын
температурасын контролдоого мүмкүн эмес.
Бардык компоненттер толугу менен
муздагыча, кийимдерди же башка тез ѳрт
алуучу материалдарды шаймандан алыс
кармаыз.
Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал майлар бат
тутанат. Мал майларына, майларга бай
тамак-аш жасаганда же алкоголду кошкондо
(мисалы: ром, коньяк, вино) ар дайым сак
болуңуз, ѳрт чыгуу коркунучу бар.
Мискейлерди жана аксессуарларды алып
салуу үчүн духовка колкабын колдонуӊуз,
ысытуу элементтерине тийбегенге кѳӊүл
буруӊуз.
Шайманга жетеерден мурда тамак жасап
бүткѳндѳ, ысык абаны же бууну акырындап
чыгаруу менен эшикти ачууда сак болууз.
Духовканын алды жагындагы ысык аба
вентиляция тешиктерин тоспоңуз.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
АБАЙЛАҢЫЗ: Шайман тышкы таймер же
ѳзүнчѳ пульт тутуму менен башкарууга
жасалган эмес.
КООМСУЗДУК НУСКАМАЛАР
Comments to this Manuals